Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-43
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Саркор көчөсүнүн тургундарынын арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Саркор көчөсүнүн тургундарынын 17.02.2016-жылдагы көчөнун жолуна шагыл төгүп, тегиздеп жана тратуар куруп берүүнү суранып жазган кирүү №96 саны менен катталган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Саркор көчөсүнүн жолуна шагыл төгүп, тегиздеп жана тратуар куруу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 50000 (элүү миң) сом акча каражат ажыратылсын.
2. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмү ажыратылган каражатты максаттуу иштетилишин көзөмөлгө алышсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин каржы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |