Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-45
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Октябрь айылынын Эрке-Кашка көчөсүнүн тургундарынын арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Октябрь айылынын Эрке-Кашка көчөсүнүн тургундарынын 19.02.2016-жылдагы Эрка-Кашка көчөсүнө электр тизими тартылгандыктан, трансформатор орнотуу үчүн жер ажыратып берүүнү сурап жазган кирүү №100 саны менен катталган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Октябрь айылынын Эрке-Кашка көчөсүнө трансформатор орнотуу үчүн жер ажыратууга макулдук берилсин.
2. Трансформатор орнотуу үчүн жер ажыратуу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда мыйзамдаштыруу жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |