Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-46
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылындагы С. Шарипов атындагы орто мектептин директору М. Мурабдуллаевдин сураныч катын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылындагы С. Шарипов атындагы орто мектептин директору М. Мурабдуллаевдин 26.10.2015-жылдагы С. Шарипов атындагы орто мектепте окуп жаткан аз камсыз болгон, шарты оор, жетим, жарым жетим, мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулардын үй бүлөсүнө айыл өкмөтүнүн бюджетинен каражат ажыратып, материалдык жактан жардам берүүнү суранып жазган чыгуу №9 саны менен катталган сураныч катын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылындагы С. Шарипов атындагы орто мектепте окуп жаткан аз камсыз болгон, шарты оор, жетим, жарым жетим, мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулардын үй бүлөсүнө айыл өкмөтүнүн бюджетинин социалдык жардам беренесинен материалдык жардам берүү уюштурулсун.
2. Айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмү бюджеттен бөлүнгөн каражатты даректүү жана максаттуу сарыпталашын көзөмөлгө алышсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин каржы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |