Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-47
Араван райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу А. Тургунов атындагы мектеп-интернаатынын директору И. Маманазаровдун сураныч катын кароо жөнүндө
Араван райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу А. Тургунов атындагы мектеп-интернатынын директору И. Маманазаровдун 16.11.2015-жылдагы С. Юсупова айыл өкмөтүндө жашаган мектеп-интернатта окуп, тарбияланып жаткан аз камсыз болгон, шарты оор үй бүлөлөрдүн балдарына 2015-окуу жылына ата-энелер төлөмдөрүн төлөөгө айыл өкмөтүнүн бюджетинен каражат ажыратып, материалдык жактан жардам берүүнү суранып жазган чыгуу №104 саны менен катталган сураныч катын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. С. Юсупова айыл өкмөтүндө жашаган А. Тургунов атындагы мектеп-интернатта окуп, тарбияланып жаткан аз камсыз болгон, шарты оор үй бүлөлөрдүн балдарына 2015-2016-окуу жылына ата-энелер төлөмдөрүн төлөөгө айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен зарыл болгон каражатты ажыратууга макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмү бюджеттен бөлүнгөн каражатты даректүү жана максаттуу сарыпталашын көзөмөлгө алышсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин каржы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |