Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-48
С. Юсупова айыл Өкмөтүндөгү «Бөбөктай» атындагы балдар бакчасынын жетекчиси М. Файзуллаеванын арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүндөгү «Бөбөктай» атындагы балдар бакчасынын жетекчиси М. Файзуллаеванын 26.01.2016-жылдагы балдар бакчасына керектүү эмерек жана жабдуулар менен камсыз кылып берүүнү суранып жазган кирүү №4 саны менен катталган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүндөгү «Бөбөктай» атындагы балдар бакчасын керектүү эмерек жана жабдуулар менен камсыз кылуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 20000 (жыйырма миң) сом акча каражат ажыратууга макулдук берилсин.
2. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмү ажыратылган каражатты максаттуу иштетилишин көзөмөлгө алышсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин каржы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |