Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-49
Араван районунун мамлекеттик администрациясынын каты боюнча 25.02.2016-жылда өткөрүлгөн Октябрь айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколун бекитүү жөнүндө
Араван районунун мамлекеттик администрациясынын 11.01.2016-жылдагы Баткен согушунда баатырларча курман болгон Калыков Мойдун Полотовичтин ысмын түбөлүккө калтыруу үчүн ал жашаган айылдагы бир көчөгө анын атын ыйгарууну чечим берүү жөнүндөгү чыгуу №24 саны менен катталган катты карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен, “Баткен согушунун республикалык жоокерлеринин комитети” коомдук бирикмесинин 28.12.2015-жылдагы чыгуу №163 саны менен катталган катын, Республикалык жоокерлеринин энелер комитетинин 17.12.2015-жылдагы чыгуу №62 саны менен катталган катын, ошондой эле Октябрь айылынын тургундарынын 25.02.2016-жылдагы жалпы чогулушунун протоколунун негизинде С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Октябрь айылынын тургундарынын 25.02.2016-жылдагы жалпы чогулушунун протоколу бекитилип, Октябрь айылындагы Бекмурзаев Орунбектин үйүнөн баштап Толубаев Нематилланын үйүнө чейин жолдун эки бети, “Тевет” каналынын жогорку жагы кошулган көчөгө Баткен согушунда баатырларча курман болгон Калыков Мойдун Полотовичтин ысмы ыйгарылсын.
2. С. Юсупова айыл өкмөтү өзүнүн укуктук-ченемдик актыларында ушул токтомдон келип чыккан иш чаралардын негизинде жана чарба китептеринде өзгөртүүлөрдү киритүүгө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин социалдык-маданий, укук-тартип, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |