Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-51
Араван районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы Ж.Э.Абитовдун сунушун кароо жөнүндө
Араван районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын подполковниги Ж.Э.Абитовдун 17.01.2016-жылдагы С. Юсупова айыл Өкмөтүндөгү коомдук алдын алуу борборунун ишин жандандыруу, милициянын аймактык өкүлдөрүнө шарт түзүү, милициянын аймактык пункттарын ремонттоого айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен каражат ажыратуу жөнүндө чыгуу №1/238 саны менен катталган сунушун карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүндөгү коомдук алдын алуу борборунун ишин жандандыруу, милициянын аймактык өкүлдөрүнө шарт түзүү, милициянын аймактык пункттарын ремонттоого айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 100000 (жүз миң) сом акча каражат ажыратууга макулдук берилсин.
2. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмү ажыратылган каражатты максаттуу иштетилишин көзөмөлгө алышсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин каржы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |