Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-52
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын М. Курбанов, М. Султанов көчөлөрүнүн тургундарынын арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын М. Курбанов, М. Султанов көчөлөрүнүн тургундарынын 15.01.2016-жылдагы М. Курбанов, М. Султанов көчөлөрүнүн жолун асфальттап, М. Курбанов көчөсүнө тратуар куруп берүүнү сурап жазган кирүү №9 саны менен катталган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтү тарабынан комиссия түзүлүп, Араван айылынын М. Курбанов, М. Султанов көчөлөрүнүн тургундарынын арызын кайра карап чыгуу белгиленсин.
2. Араван айылынын М. Курбанов, М. Султанов көчөлөрүнүн жолун асфальттап, М. Курбанов көчөсүнө тратуар куруу боюнча тийиштүү ишкана мекемелер менен биргеликте аталган иштерди аткаруу боюнча сметалык долбоор даярдалып, айылдык кеңештин сессиясына сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо С. Юсупова айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин социалдык-маданий жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |