Редакцияот 27.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы

 

2016-жылдын 27-февралы № 21-55

Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т. Раимкуловдун сураныч катын кароо жөнүндө

Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т. Раимкуловдун 28.01.2016-жылдагы айыл Өкмөтүнүн аймагындагы А. Наваи, Х. Абдуллаев атындагы орто мектептердин ашканаларын керектүү ашкана эмеректери менен камсыздоого айыл өкмөтүнүн бюджетинин каражат ажыратып берүү жөнүндө чыгуу №69 саны менен катталган сураныч катын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинде каражат жетишсиз болгондуктан Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т. Раимкуловдун сураныч каты канааттандыруусуз калтырылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу С. Юсупова айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

С. Юсупова айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Маннанов