С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-57
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылындагы С. Шарипов атындагы орто мектептин директору М. Мурабдуллаевдин сураныч катын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылындагы С. Шарипов атындагы орто мектептин директору М. Мурабдуллаевдин 13.02.2016-жылдагы мектептин өрт жагуучу казанын (котельный) капиталдык ремонттоого айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен каражат ажыратып берүүнү суранып жазган чыгуу №69 саны менен катталган сураныч катын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтү Араван айылындагы С. Шарипов атындагы орто мектептин өрт жагуучу казанын (котельный) капиталдык ремонттоп, 2016-2017-жылдагы кыш мезгилине даярдоо боюнча зарыл болгон иштерди алып барсын.
2. С. Шарипов атындагы орто мектептин өрт жагуучу казанын (котельный) капиталдык ремонттоо боюнча сметалык долбоор даярдалып, зарыл болгон каражат айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен берилиши белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо С. Юсупова айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин социалдык-маданий жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |