Редакцияот 27.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы

 

2016-жылдын 27-февралы № 21-18

Араван райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысы капитан М. Абаевдин каты жөнүндө

Араван райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысы капитан М. Абаевдин 26.02.2016-жылдагы Кыргыз Республикасынын өрткө каршы кызматынын 90 жылдык мааракесине карата райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн өздүк курамына материалдык жактан колдоо көрсөтүү жөнүндөгү чыгуу №25- санда катталган катын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Араван райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн өздүк курамын материалдык жактан колдоо максатында айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 5000 (беш миң) сом акча каражат ажыратууга макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.

 

С. Юсупова айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Маннанов