С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-59
Араван райондук мамлекеттик архивинин башчысы Д. Орунбаеванын сураныч катын кароо жөнүндө
Араван райондук мамлекеттик архивинин башчысы Д. Орунбаеванын 05.02.2016-жылдагы мамлекеттик архивге орг. техника сатып алууга көмөк көрсөтүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен каражат ажыратуу жөнүндөгү чыгуу №01-11-05 саны менен катталган сураныч катын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван райондук мамлекеттик архивине орг. техника сатып алууга көмөк көрсөтүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 5000 (беш миң) сом акча каражат ажыратууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |