Редакцияот 27.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы

 

2016-жылдын 27-февралы № 21-60

С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылындагы Х. Абдуллаев атындагы орто мектептин директору Т. Алимованын сураныч катын кароо жөнүндө

С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылындагы Х. Абдуллаев атындагы орто мектептин директору Т. Алимованын 13.02.2016-жылдагы мектептин өрт жагуучу казанын (котельный) капиталдык ремонттоого, жылытуу тизимин алмаштыруу, ашканага зарыл жабдуу жана эмеректерди сатып алууга айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен каражат ажыратып берүүнү суранып жазган чыгуу №50,52 саны менен катталган сураныч катын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен  С. Юсупова айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылындагы Х. Абдуллаев атындагы орто мектептин өрт жагуучу казанын (котельный) капиталдык ремонттоого, жылытуу тизимин алмаштырууга, ашканага зарыл жабдуу жана эмеректерди сатып алууга айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 200000 (эки жүз миң) сом акча каражат ажыратууга макулдук берилсин.

2. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмү ажыратылган каражатты максаттуу иштетилишин көзөмөлгө алышсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин каржы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

С. Юсупова айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Маннанов