Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-63
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар комитетинин 2016-жылдагы бюджетин бекитүү жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар комитетинин төрагасы Ж. Мамитовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесин жетекчиликке алып жана депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы Жайыт комитетин 2016-жылга бюджети алымча-кошумчасы менен бекитилсин. (бюджеттин долбоору 1-2-тиркемеси тиркелет)
2. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар комитетине жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Файзуллаевге жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |