Редакцияот 27.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы

 

2016-жылдын 27-февралы № 21-65

С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылындагы Г. Нарбаев атындагы негизги орто мектептин директору Б. Осмонованын сураныч катын кароо жөнүндө

С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылындагы Г. Нарбаев атындагы негизги орто мектептин директору Б. Осмонованын 20.02.2016-жылдагы мектептин ашканасына зарыл эмеректерди сатып алууга жана суу топтолуучу жерин үстүн жабууга айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен каражат ажыратып берүүнү суранып жазган сураныч катын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен  С. Юсупова айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылындагы Г. Нарбаев атындагы орто мектептин ашканасына зарыл эмеректерди сатып алууга жана суу топтолуучу жерин үстүн жабууга айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 40000 (кырк миң) сом акча каражат ажыратууга макулдук берилсин.

2. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмү ажыратылган каражатты максаттуу иштетилишин көзөмөлгө алышсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин каржы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

С. Юсупова айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Маннанов