С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-68
С. Юсупова айыл Өкмөтүндөгү “Зилол суу” ИСКАКБнын башчысы К. Моминованын сураныч катын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүндөгү “Зилол суу” ИСКАКБнын башчысы К. Моминованын 16.02.2016-жылдагы айыл өкмөтүндөгү таза суу тизимдерин, түтүктөрүн ремонттоого айыл өкмөтүнүн бюджетинин каражат ажыратып бөрүү жөнүндө чыгуу №1 саны менен катталган катын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүндөгү таза суу тизимдерин, түтүктөрүн ремонттоого айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 700000 (жети жүз миң) сом акча каражат ажыратууга макулдук берилсин.
2. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмү ажыратылган каражатты максаттуу иштетилишин көзөмөлгө алышсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин каржы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |