Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2016-жылдын 30-январы № 92
Зергер айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн базалык ставкаларын жана коэффицентин кароо жөнүндө
Зергер айыл өкмөтүнүн 2016-жылга жергиликтүү бюджеттинин киреше бөлүгүнүн базалык ставкасын жана зооналдык коэфиценттин көтөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Премерь-министринин 2016-жылдын 13-январындагы №17-73, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн админстрациясынын 2016-жылдын 16-январындагы №01-93 сандуу каттарын айылдык кеңешинин «Бюджет салык финансы экономикалык саясат жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап чыгып Зергер айылдык кеңешинин кезексиз 21-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зергер айыл өкмөтүнүн 2016-жылга жергиликтүү бюджеттинин киреше бөлүгүнүн жер салыгынын базалык ставкасы КР салык кодексинин 337 беренсине ылайык 15% көбөйтүлсүн жана салык кодексинин 339 беренесине ылайык зооналдык коэфициенти 1,0 өлчөмдөө бекитилсин.
2. Зергер айыл өкмөтүнүн 2016-жылга жергиликтүү бюджеттинин киреше бөлүгүнүн жана КР салык кодексинин 337 жана 339 беренелеринин базалык ставкаларын жана зооналдык коэфициентерине кошумча эсептөөлөр жүргүзүлүп,2016-жылдын жергиликтүү бюджеттинин киреше жана чыгаша булактарына кошумча эсептөө жагы ФЭБ бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин «Бюджет,салык,финансы экономикалык саясат жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Зергер айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Ибраимов |
Зергер айыл өкмөтүнүн 2016-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча маалыматы.
Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин 2016-жылдын 13-январындагы №17-73, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2016-жылдын 13-январындагы №01-09П жана Өзгөн райондук мамлекеттик админстрациясынын 2016-жылдын 16-январындагы №01-93 сандуу каттарында көрсөтүлгөндөй Кыргыз Республикасынын Премер-Министри Темир Сариев жергиликтүү кенештин депутаттарынан салык кодексинин 337 жана 339 беренесинде көрсөтүлгөн жер салыктарынын базалык ставкасын жана зооналдык коэфициенттерин көбөйтүү тууралуу кат жолдонгон.Ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетти жана 2017-2018-жылдардагы болжолу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 12 беренесинин 5 пунктунда көрсөтүлгөндөй. Мыйзамдар менен каралган ыйгарым укуктарын чектеринде,жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэфициенттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин көбөйүүсү ушул мыйзам менен бекитилген 2016-2018-жылдарга тенөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
Салык кодекисинин 337-беренесинде жер салыгынын базалык ставкаларына 20% кошуп эсептегенде төмөндөгүдөй.
№ | Жердин түрү | Мурун | Баа менен | Кошулган баа м-н эсеп |
| Жалпы эсептелиши | ||||
Бекит аянт | Баасы | Сумма | Бекит аянт | Баасы 20% | Сумма | Бекит аянт | Баасы | Сумма | ||
1 | Суугат | 108 | 413 | 44604 | 108 | 82,60 | 8921 | 108 | 495-60 | 53525 |
2 | Кайрак | 2558 | 62,30 | 159363 | 2558 | 12-46 | 31873 | 2558 | 74-76 | 191236 |
3 | Чөп ормо | 3880 | 33-70 | 130756 | 3880 | 6-74 | 26151 | 3880 | 40-44 | 156907 |
4 | Жайыт | 3554 | 13-90 | 49400 | 3554 | 2-78 | 9880 | 3554 | 16-68 | 59281 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Итого: | 10100 |
| 384123 | 10100 |
| 76825 | 10100 |
| 460949 |
Салык кодексинин 337-беренесинде жер салыгынын базалык ставкаларына 15% кошуп эсептегенде төмөндөгүдөй.
№ | Жердин түрү | Мурун | Баа менен | Кошулган баа м-н эсеп |
| Жалпы эсептелиши | ||||
Бекит аянт | Баасы | Сумма | Бекит аянт | Баасы 15% | Сумма | Бекит аянт | Баасы | Сумма | ||
1 | Суугат | 108 | 413 | 44604 | 108 | 61-95 | 6691 | 108 | 474-95 | 51295 |
2 | Кайрак | 2558 | 62,30 | 159363 | 2558 | 9-34 | 23904 | 2558 | 71-64 | 183268 |
3 | Чөп ормо | 3880 | 33-70 | 130756 | 3880 | 5-05 | 19613 | 3880 | 38-75 | 150369 |
4 | Жайыт | 3554 | 13-90 | 49400 | 3554 | 2-08 | 7392 | 3554 | 15-98 | 56793 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Итого: | 10100 |
| 384123 | 10100 |
| 57600 | 10100 |
| 441725 |
Салык кодекисинин 339 беренесинде жер салыгынын зоналдык коэффицентин эсептөөдө зоналдык коэффиценти 1 менен эсептелгенде 62153 сом болот, ал эми коэффиценти 1,5 ге көрсөтүлгөндө 86806 сом болот. Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгын 24653сомго көтөрүүгө мүмкүнчүлүк бар.