Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2016-жылдын 30-январы № 93
Зергер айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФнын эсебиндеги жерлердин аренда акысын аныктоо жана таштанды чыгаруу салыгын, отун төлөмүн бекитүү жөнүндө
Зергер айыл өкмөтүнүн жер турак жай маселелери боюнча башкы адиси М.Каракозуевдин билдирүүсүн угуп жана Зергер айылдык кеңешинин «Айыл -суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Зергер айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зергер айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФнын эсебиндеги жерлердин 1,0 га аренда акысы төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин:
1) Шалы 9174-00 сом
2) Сугат айдоо 1351-00 сом
3) Сугат айдоо Кайрат айылына – 2764-00 сом.
4) Кайрак айдоо 875-40 сом
5) Чөп ормо 732-60 сом
6) Балчелектердин 0.01 га аянтына чегерилген ижара акы - 50 сом.
2. Зергер айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин салык боюнча тарифи:
1) Таштандыны чыгаруудан алынуучу салык 25 сом
2) Айыл чарба багытындагы эмес жер үчүн зооналдык коэфиценти 1,0
3. КР салык кодексинин №343-344-беренелеринин негизинде көп балалуу үй-бүлөлөр, пенсионерлер, 1-2-группадагы майыптар, көзү азиздер, кургак учук менен ооругандар, батыр энелер, ВОВтун катышуучулары жана Чернобылдын кызматкерлери физикалык жер салыгынан жана таштанды чыгаруу салыгынан мыйзамдын негизинде бошотулсун
4. Зергер айыл өкмөтүнүн карамагындагы токойлордон тазалоо маалында отундун, шакчанын жана жаңгактын түбүнө төлөнүүчү тарифи. Деловой отундун 1 кубасы 1000 сом, шакчанын 1 кубасы 500 сом, 1 түп жаңгактын мөмөсү үчүн 10 кг, жатакчылардан алынуучу отун акча 400 сом.
5. Токтомдун аткалышын көзөмөлдөө жагы «Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Зергер айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Ибраимов |
СУНУШ
Зергер айыл өкмөтүнүн КБФнын жерлерин асылдулугун карап аукцион аркылуу бекитилген аренда актыларын сунуш кылам.
1) Шалы 9174-00 сом
2) Сугат айдоо 1351-00 сом
3) Сугат айдоо Кайрат айылы 2764-00 сом
4) Кайрак айдоо 875-40 сом
5) Чөп ормо 732-60 сом
6) Бал челектердин 0,01 аянтына чегерилген ижара акы 50-00 сом