Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2016-жылдын 30-январы № 94
Зергер үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун» имаратын Зергер айыл өкмөтүнүн балансынан «Өзгөн үй-бүлөлүк медициналык борборунун» балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Зергер айылдык кеңешинин кезексиз 21-сессиясы «№17 Зергер үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун» имаратын Зергер айыл өкмөтүнүн балансынан «Өзгөн үй-бүлөлүк медициналык борборунун балансына өткөрүп берүү жөнүндө Зергер айыл өкмөтүнүн сунушун карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «№17 Зергер үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун» имараты Зергер айыл өкмөтүнүн балансынан «Өзгөн үй-бүлөлүк медициналык борборунун балансына өткөрүлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Финансы,экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Зергер айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Ибраимов |