Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2016-жылдын 30-январы № 96
Зергер айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга Зергер айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү,2017-2018-жылдарга проектисин кароо жөнүндө маселе Айылдык кенешинин «Бюджет салык финансы экономикалык» саясат жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын кароосунда каралып жана алардын сунуштарын негизинде Зергер айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2015-жылга Зергер айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 8758,6 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 8639,4 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.(№1,2 тиркеме)
2. 2016-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 8900,7 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.(№3,4тиркеме)
3. Айыл өкмөтүнүн 2017-2018 - жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү № 5 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
4. Мыйзам менен каралган ыйгарым укуктардын чектеринде, жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффициенттерди жогорлатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү ушул 2015-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабына чечимдерди кабыл алган мыйзам менен бекитилген 2016-2018-жылдарга тенөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
5. «Кыргыз Республикасынын бюджетик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө» мыйзамдын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 88,2 мин сом өлчөөмдө бекитилсин.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2016-2018-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы,социалдык фондко чегерүү,тамак аш,дары дармек жана милдетүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр) коммуналдык кызматтар (электр энергия,көмүр,суу) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсы
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тендөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багытталсын.
8. Республикалык бюджеттен тенөөчү гранттардын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр
Боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик тартышаары белгиленсин.
9. Бюджеттик мекемелер,чарба жүргүзүүчү субьектер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максатуу багыталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүлүп алынаары эске алынсын.
10. Казына системасын четтеп өтүү менен аттайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынары белгиленсин.
11. Аланма кассалык калдык (оборотный кассовый наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражат 2016-жылдын 1-январына карата бюджеттен 244,7 миң сом, атайын каражаттан 18,8 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
12. Бюджетин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин «Бюджет,салык,финансы экономикалык саясат жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Зергер айылдык Кеӊешинин төрагасынын орун басары |
М.Молдояров |