Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2015-жылдын 16-ноябры № 86
Эсептөө палатасынын 2015-жылдын 27-октябрындагы №01-12-1143 катында Зергер айыл өкмөтүнүн 01.01.2014-жылдан 31.12.2014-жылдагы бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча аудиттин жыйынтыгын кароо жөнүндө
Зергер айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки аралыктагы бюджеттинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору Арыккозуев Жамшитбектин текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча айыл өкмөттүн башкы эсепчиси Жуманалиев Рыскулдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Зергер айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө палатасы текшерүү мезгилинде келтирген кемчиликтерин толугу менен ордуна коюу жана дебитордук, кредитордук карыздар менен эсептешүү айыл өкмөттүн башчысы Н.Мурзаибраимовго жана ФЭБ башчысы Р.Жуманалиевге милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Зергер айылдык кеңешинин «Бюджет,финансы,экономикалык саясат» боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Зергер айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Ибраимов |