Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-октябыры №4
Балыкчы шаарынын муниципалдык "Суу түтүкчөлөр" мекемесинин иче турган сууга жана ыплас сууларга кызмат акыларын жогорулатуу жана ишкананын кызмат көрсөтүүсүндөгү калькуляциясын бекитип берүү жөнүндө
Балыкчы шаарынын муниципалдык "Суу түтүкчөлөр" мекемеси шаар калкын таза суу менен тынымсыз камсыз кылуу үчүн, ошондой эле ыплас сууларды өз убагында тазалап кетүү үчүн өтө көп каражаттар талап кылынары, учурда мекеме каражаттын аздыгынан иш алып баруу оор экендигин аныктап, иче турган сууга жана ыплас сууларга болгон кызмат акысын жогорулатуу тарифин ошондой эле ишкананын кызмат көрсөтүүсүндөгү калькуляцияны шаардык Кеңешинин 08.10.2012 ж №187 кайрылуусу менен сунуштаган Балыкчы шаардык Кеңешинин 25.06.2008 ж №5 токтомунун негизинде коюлган тарифтик баалар менен иштөөдө мекеменин экономикалык өсүшүнө жетишсиздиги, дебитордук карыздарынын көптүгүнөн бир аз кыйынчылыктар болууда.
Жогоруда көрсөтүлгөндөрдү эске алуу менен, мекеменин сунуштаган тарифин, кызмат көрсөтүүдөгү калькуляциясынын эсеп-кысабын карап, талкуулап, Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаарынын муниципалдык "Суу түтүкчөлөр" мекемесинин иче турган сууга жана ыплас сууларга коюлган кызмат акылары №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Балыкчы шаардык Кеңешинин 25.06.2008 ж. №5 токтомундагы калк үчүн бекитилген тариф (4,60) өз күчүн жоготту деп эсептелинсин.
3. Ишкананын кызмат көрсөтүүсүндөгү калькуляциясы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин(13 барака)
4. Токтом шаардык кеңешинин каттоо китепчесине 01-25/18 реестри менен киргизилсин.
5. Токтом жергиликтүү ”Балыкчы” гезитине жарыялсын.
6. Токтом аткарылышы көзөмөлгө алуу жагы кеңешинин алдындагы бюджет, экономика жана салык маселери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясыны тапшырылсын.
Балыкчы шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Смадияров
|
| Шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын VII сессиясынын № токтомуна №1 тиркеме
|
Балыкчы шаарынын муниципалдык суу түтүкчөлөр мекемесинин иче турган сууга жана ыплас сууларга кызмат акылары боюнча бекитилген тарифи.
№ | Керектөөчүлөрдүн аталышы | Суу менен камсыздоо | Канализация | ||
|
| 2011-12 жыл | 2012 жыл 1-ноябрь | 2011-12-жыл | 2012 жыл 1-ноябрь |
1 | Шаар жашоочулары (калк катмары) |
4,60 |
6,0 |
3,13 |
4,53 |
Шаардык кеңешинин жооптуу катчысы |
Ө. Рахманов |