Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXIII сессиясы
2016-жылдын 8-апрели № 23/118
Кош-Дөбө айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылга карата бюджетин бекитип берүү жөнүндө
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылга карата түзүлгөн бюджеттин долбоорун жана Кош-Дөбө айыл аймагынын жалпы жамаатынын 25.03.2016-жылдагы № 4 токтомунун негизинде Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 564750,00 сом. Чыгаша бөлүгү 564750,00 сом болуп бекитилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар үчүн төлөмдөрдүн өлчөмү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
1. Бодого- 50-сом бир башка
2. Койго 10-сом бир башка
3. Жылкыга 100-сом бир башка
4. Топоз 180-сом бир башка
3. Сырттан келген малга эки жарым эселенип акы алынсын. Чабандын эмгек акысы 2015-жыл менен калтырылсын.
4. Сырт жайлоого чыккандар 50% жайыт налогунан бошотулсун.
5. Корукка кирген малга ар бир башка бодого 500 сомдон айып салынсын. Жайыт бирикмесинин негизги счетунан көчмө кыркындын жабдыктарын алууга өздүк салым үчүн 13,0 миң сом которулуп берилсин.
6. Жайыт бирикмесинин эмгек акысына кошумча 2 айлык дарыланууга жана материалдык жактан жардам берүү боюнча пособия төлөнүп берилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Т.Сыдыкбековго тапшырылсын.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Байташов |