Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-февралы № 27/1
Алай районунун аймактык шайлоо комиссиясынын
курамына Гүлчө айыл өкмөтүнүн жарандарынан
талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо жана кеңештердин иштери жөнүндөгү маселелер, этика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп талкулоонун негизинде жана Кыргыз Республикасынын 19.02.2013-жылдагы № 23 Мыйзамынын негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
I. Алай районунун аймактык шайлоо комиссиясынын курамына Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жарандарды көрсөтүү боюнча келип түшкөн протоколдор бекитилсин(протоколдор тиркелет).
II. Алай районунун аймактык шайлоо комиссиясынын курамына Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган төмөндөгү жарандар аймактык комиссиясынын курамына сунушталсын:
1. Жороев Авазхан Гүлчө айылынын – «Адылжан ака» жамаатынан;
2. Пиримкулова Калбү Жанибековна - Жылуу-Суу айылынан;
3. Убукеева Чынара Турдуевна-Алай райондук маданият бөлүмүнөн;
4. Пазылова Рысгүл Кенжебаевна – Гүлчө айылынын Дубанаев көчөсүнүн жашоочуларынан;
5. Арыкбаев Кудайберди Пайзилдаевич-Таш-Короо айылынын тургундарынан;
6. Жунусова Гүлбарчын Адишовна-Гүлчө айылынын Адиш Жунусов жамаатынан;
7. Назаркулова Нуржамал Абылкасымовна- № 4 балдар бакчасынын тарбиячыларынан;
III. Сунушталган талапкерлердин тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде тактап, даярдап Борбордук шайлоо комиссиясынын райондук бөлүмүнө тапшыруу жооптуу катчынын убактылуу милдетин аткаруучусу А.Тажаматовго тапшырылсын.
IV. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук , укук тартибин чыңдоо жана кеңештердин иштери жөнүндөгү маселелер, этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |