Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-февралы № 28/1
Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин 2016-жылга бекитүү жана 2017-2018-жылга болжолдуу пландарын бекитүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 28-заседаниеси Гүлчө айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М.Тажикованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы 29380,8 миң сомго бекитилип жыл ичинде киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолордун негизинде киреше бөлүгү 28681,7 миң сомго, чыгаша бөлүгү 28171,5 миң сомго же 98,2 % ке аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2016-жылга жергиликтүү бюджети Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан берилген контролдук сумма кирешелер бөлүгү 31189,5 миң сомго жана чыгашалар бөлүгү 31189,5 миң сом болуп бекитилсин.
1.Башкаруу аппаратына - 9264,0 миң сом
2.Экономикалык чыгымдар - 192,2 миң сом
3.Коммуналдык тейлөө кызматына - 3864,8 миң сом
4.Маданият бөлүмүнө - 1864,3 миң сом
5.Билим берүү бөлүмүнө - 15778,2 миң сом
6. Социалдык коргоого - 226,0 миң сом
Жалпы чыгаша 31189,5 миң сом суммасында бекитилсин.
3. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бекитилген бюджетинин киреше бөлүгүнөн сырткары түшкөн кирешелерге айыл өкмөтүнүн билдирүүсүнүн негизинде кошумча план боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен айылдык кеңештин сессиясына сунуш кылуу Гүлчө айылдык кеңешинин экономика, бюджет муниципалдык менчик, инвестиция ишкердик кылуу жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2017-жылга 31109,8 миң сом, 2018-жылга 31109,8 миң сом бюджетинин долбоору жактырылсын.
5. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын жана каралган беренелердеги акча каражаттарын максаттуу каржыланышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Гүлчө айылдык кеңешинин экономика, бюджет муниципиалдык менчик, инвестиция ишкердик кылуу жана тышкы экономиклык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |