Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-февралы № 28/2
Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын социалдык-экономикалык планынын аткарылышы жана 2016-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү боюнча
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировдун «Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын социалдык-экономикалык планынын аткарылышы жана 2016-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү боюнча» билдирүүсүн угуп жана талкуулоонун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча аткарылган иштер боюнча Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировдун отчету эске алынсын.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн планы бекитилсин.
3. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата социалдык – экономикалык өнүгүүсүндө белгиленгендерди камсыз кылуу үчүн ата-мекендик, чет элдик инвестицияларды тартуу менен жамааттарды катыштыруу, жергиликтүү бюджеттин киреше булагын толтуруу, муниципалдык менчикти максатуу пайдалануу, айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин конкурстук негизде берүүнү уюштуруу, кыймылсыз мүлктөрдүн так жана толук эсебин алуу боюнча иштерди аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировго жана тиешелүү жооптуу кызматкерлерине милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, боюджет, инвестициялар жана ишкердик кылуу маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |