Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-февралы № 28/3
Гүлчө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджетин бекитүү
Гүлчө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы М.Кадырбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Гүлчө айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2016-жылга бюджети киреше бөлүгү 267500 сомго, чыгаша бөлүгү 266515 сомго, ал эми резерв фондго 985 сом акча каражаты бекитилсин.
2. Чогулган акчаларды сарамжалдуу, мыйзамдуу пайдалануу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы М.Кадырбаевге милдеттендирилсин.
3. Акча каражатынын мыйзамдуу сарпталышы жана мыйзамдуу топтоого көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировго тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |