Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-февралы № 28/4
Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасы жөнүндөгү Гүлчө айылдык кеңешинин 02.06.2015-жылдагы № 20/1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн салыктар боюнча бөлүм башчысы И.Жамшитовдун билдирүүсүн угуп, талкуулап жана Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 336, 337 беренелеринин негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасы, чөп чабынды жерлердин базалык ставкасы 27(жыйырма жети) сом 70 (жетимиш) тыйын, кайракы айдоо жердин базалык ставкасы 70(жетимиш) сом 62 (алтымыш эки) тыйын алынып салынсын.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасы, чөп чабынды жерлердин базалык ставкасы 30(отуз) сом 47 (кырк жети) тыйынга, кайракы айдоо жердин базалык ставкасы 77(жетимиш жети) сом 68 (алтымыш сегиз) тыйын болуп бекитилсин.
3. Гүлчө айыл өкмөтүнүдөгү жалпы айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасы жогорулагандыктан салык алынуучу жерлердин жалпы аянты боюнча аныктап, бюджеттин киреше бөлүгүнүн канчага көбөйгөндүгүн тактап сметага киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Тажиковага, айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировго милдеттендирилсин.
4. Айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасынын жогорулагандыгынан бюджеттин кирешелерин мыйзам чегинде иштетүүнү көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |