Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-февралы № 28/6
«Гүлчө айылдык аймактын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Исмаиловдун билдирүүсүн угуп жана талкулоонун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, социалдык маселелерди чечүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн төмөнкү жарандарга Гүлчө айыл өкмөтүнүн «Гүлчө айылдык аймактын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын:
- Марифов Шарабидин Жолборскановичге;
- Абдибаитов Эрнис Абдымомуновичге (каза болгондон кийин);
- Апаитов Адимиталипге;
- Эргешова Анара Айтмарековнага.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн «Гүлчө айылдык аймактын ардактуу атуулу» наамын ыйгарууга тиешелүү документтерди даярдоо жана жасоо айыл өкмөтүнүн жоопту катчысынын убактылуу милдетин аткаруучу А.Тажаматовго тапшырылсын.
3. Керектелүүчү акча каражаттарын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Тажиковага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |