Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-февралы № 28/7
Гүлчө айылынын Гулчинская көчөсүнүн атын өзгөртүп ага Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген врачы маркум Рыскулов Маматилданын атын ыйгаруу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Исмаиловдун билдирүүсүн угуп жана талкулоонун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылындагы Гулчинская көчөсүнүн аты өзгөртүлүп ага Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген врач маркум Рыскулов Маматилданын аты ыйгарылсын.
2. Гүлчө айылындагы Гүлчинская көчөсүнүн аты өзгөрүп, Рыскулов Маматилданын аты берилгендигине байланыштуу көчөнүн аты жазылган табличкаларды жаздырууга кеткен чыгымдарга акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Тажиковага тапшырылсын.
3. Көчөнүн аты өзгөргөндүгүнө байланыштуу көчөнүн аты жана номери жазылган табличкаларды алмаштыруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |