Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-февралы № 28/8
Гүлчө айылынын аты жок көчөгө Абдибаитов Эрнис Абдымомуновичтин атын ыйгаруу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Исмаиловдун билдирүүсүн угуп жана талкулоонун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылындагы аты коюула элек көчөгө Гүлчө айылдык кеңештин V чакырылышынын депутаты жеке ишкер Абдибаитов Эрнис Абдымомуновичтин аты берилсин.
2. Гүлчө айылындагы аты коюула элек көчөгө Абдибаитов Эрнис Абдумомуновичтин аты берилгендигине байланыштуу көчөнүн аты жазылган табличкаларды жаздырууга кеткен чыгымдарга акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Тажиковага тапшырылсын.
3. Көчөнүн аты жана номерин жаздырып жана аны ар бир үйгө илдирүү жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировго милдеттендирилсин.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |