Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-февралы № 28/9
Гүлчө айылынын Ленин көчөсүнүн атын өзгөртүп ага мамлекеттик жана коомдук ишмер Алымбек датка Асан бий уулунун атын ыйгаруу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Исмаиловдун билдирүүсүн угуп жана талкулоонун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылындагы Ленин көчөсүнүн аты өзгөртүлүп ага мамлекеттик жана коомдук ишмер Алымбек датка Асан бий уулунун аты ыйгарылсын.
2. Гүлчө айылыныдагы Ленин көчөсүнүн аты өзгөртүлүп анын ордуна Алымбек датка Асан бий уулунун аты берилгендигине байланыштуу көчөнүн аты жазылган табличкаларды жаздырууга кеткен чыгымдарга акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Тажиковага тапшырылсын.
3. Көчөнүн аты өзгөргөндүгүнө байланыштуу көчөнүн аты жана номерин жаздырып аны ар бир үйгө илдирүү жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |