Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-февралы № 28/10
Гүлчө айыл өкмөтүнүн Куранжан датка айылынын тургуну Пусуров Мирбек Арапбаевичтин жеке менчигиндеги мечитти өзүнүн берген арызынын негизинде айыл өкмөтүнүн менчигине алуу жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Аттокуровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулоонун жана Курманжан датка айылынын каргаша участкасынын тургуну Пусуров Мирбек Арапбаевичтин өзүнүн жеке менчигинде катталган мечити боюнча билдирүүнү угуп, талкуулап жана мечит ээсинин жазган арызынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн Курманжан датка айылынын тургуну Пусуров Мирбек Арапбаевичтин арызынын негизинде анын жеке менчигине таандык мечитти мыйзам чегинде Гүлчө айыл өкмөтүнүн менчигине кабыл алынсын.
2. Тиешелүү документтерин мыйзам чегинде өткөрүп алуу жана аны айыл өкмөтүнө кириштөө жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.Каришовго милдеттендирилсин.
3. Өзүнүн жеке каражаты менен ушул мечитти элди жана жаштарды ыйманга чакыруу, айылда адептүү ыймандуу жаштардын тарбияланышына шарт түзүү максатында салып жана аны өз каалоосу менен Гүлчө айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүп берип жаткандыгына баа берүү боюнча Пусуров Мирбек Арапбаевичге терең ыраазычылык билдирүү менен айыл өкмөтү менен айылдык кеңештин биргелешкен ыраазычылык каты берилсин.
4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |