Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-февралы № 28/11
Айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражатын сметага бекитип
берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 28-заседаниеси Гүлчө айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М.Тажикованын билдирүүсүн угуп жана талкуулоонун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январына карата калган калдык бюджеттен 617,9 миң сом, атайын каражаттан 71,2 миң сом бардыгы 689,1 миң сом акча каражаты
2016-жылдын сметасынын кирешелер жана чыгашалар бөлүгү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
1. Башкаруу аппаратына 701-бөлүм - 35,1 миң сом
2. Коммуналдык тейлөө кызматына 706-бөлүм - 300,0 миң сом
3. Паркка 708-бөлүм - 282,8 миң сом
4. Атайын каражат балдар бакчасына 709-бөлүм - 71,3 миң сом
Жалпы чыгаша 689,2 миң сом суммасында бекитилсин.
2. Каралган бюджеттин смета боюнча өз убагында аткарылышын камсыздоо жана көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |