Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-февралы № 28/12
Гүлчө айыл өкмөтүнө иш кагаздарын жүргүзүүчү кызмат ордун түзүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 28 -заседаниеси Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.Каришовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Гүлчө айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн Жылуу-Суу айылындагы китепкананын кароолчусунун штаттык бирдиги калктын санынын көптүгүнө жана иштин көп болуп жаткандыгына байланыштуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн иш кагаздарды жүргүзүү боюнча штаттык бирдикке мыйзам чегинде жылдырылсын.
2. Китепкананын кароолдугун аткаруучуну мыйзам чегинде милдеттендирүү Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айылдык кеңешинин экономика, бюджет муниципиалдык менчик, инвестиция ишкердик кылуу жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |