Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXXI сессиясы
2016-жылдын 2-февралы № 01-05/203
А.Мамашовдун арызы жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Төрөбеков көчөсүнүн тургуну А.Мамашовдун Луговая 30-а көчөсүндө жайгашкан мейманкананын профилин өзгөртүп, медресе окуу жайына уруксат берүү жөнүндө сураган арызын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын Төрөбеков көчөсүнүн тургуну А.Мамашовдун арызы канааттандырылсын.
2. Профилин өзгөртүүгө бардык иш- кагаздарды даярдап берүү жагы райондук архитектура жана шаар куруу Башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча» жана “Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин .
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Артыков |