Редакцияот 02.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXXI сессиясы

 

2016-жылдын 2-февралы № 01-05/204

Кочкоратаайылкурулуш” ААКнун жетекчиси

Т.А.Талиевдин кайрылуусу жөнүндө

 

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы, ”Кочкоратаайылкурулуш” ААКнун жетекчиси  Т.А.Талиевдин ишканасынын балансында турган балдар бакчасынын имаратын ушул күнгө чейин сактап келген кароолунун айлык акысы 1 400 000 (бир миллион төрт жүз миң) сомго барып калгандыгына байланыштуу, аталган акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлдүрүп, имаратты Кочкор-Ата шаар мэриясынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине негиз

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кочкоратаайылкурулуш» ААКнун жетекчиси Тариел Анарбаевич Талиевдин кайрылуусу эске алынсын.

2. Кайрылууда жазылган «Кочкоратаайылкурулуш» ААКда отурган балдар бакчасы шаардык мэриянын балансына өткөрүлсүн.

3. Бала бакча жана кошумча имараттарды сактап туруу үчүн кеткен ар кандай чыгымдарын түзгөн 1 400 000 (бир миллион төрт жүз миң) сом акча каражаты төлөнүп берилсин.

4. Аталган каражатын төлөп берүү жагы Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Кочкор-Ата шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Артыков