Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXXI сессиясы
2016-жылдын 2-февралы № 01-05/205
Кочкор-Ата шаардык мамлекеттик нотариусу А.О.Курманбаевдин кайрылуусу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы, Кочкор-Ата шаардык мамлекеттик нотариусу А.О.Курманбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык мамлекеттик нотариусу Алтынбек Орозбекович Курманбаевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаардык нотариалдык конторасынын 60 000 (алтымыш миң) сом ижара акысы төлөнүп берилсин.
3. Аталган акча каражатын төлөп берүү жагы Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин «Каржы-экономика, бюджет, салык, инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Артыков |