Редакцияот 02.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXXI сессиясы

 

2016-жылдын 2-февралы № 01-05/206

Ломоносов көчөсүнүн тургундарынын кайрылуусу жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Ломоносов көчөлөрүнүн тургундарынын көчөсүндө жайгашкан дүкөндүн пайдалануу багытын намазкана үчүн өзгөртүүгө уруксат сураган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине негиз

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын тургундары А.Давранов, И.Абдурасулов, Аскар Дарманкуловдордун Ломоносов көчөсүндө жайгашкан дүкөндүн пайдалануу багытын намазкана үчүн өзгөртүүгө уруксат сураган кайрылуусу эске алынсын .

2. Профилин өзгөртүүгө бардык иш- кагаздарды даярдап берүү жагы райондук архитектура жана шаар куруу Башкармалыгынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .

 

Кочкор-Ата шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Артыков