Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXXI сессиясы
2016-жылдын 2-февралы № 01-05/207
Титов көчөсүнүн тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Титов көчөсүнүн тургундарынын көчөсүндө жайгашкан мечитинин пайдалануу багытын намазкана үчүн өзгөртүүгө уруксат сураган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын Титов көчөсүнүн тургундарынын кайрылуусу эске алынсын .
2. Профилин өзгөртүүгө бардык иш- кагаздарды даярдап берүү жагы райондук архитектура жана шаар куруу Башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Артыков |