Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXXI сессиясы
2016-жылдын 14-апрели № 01-05/214
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин № 01-05/208, № 01-05/209, № 01-05/212 жана
№ 01-05/213 токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы , Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин кезексиз XXXI сессиясында шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары К.Арстанбаева тарабынан мыйзамсыз чыгарылган № 01-05/208, № 01-05/209, № 01-05/212 жана № 01-05/213 токтомдорун карап , аны жокко чыгаруу боюнча жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”мыйзамынын 33-беренесинин 4-пунктуна жана 36-беренесинин 4-пунктуна ылайык , шаардык Кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары К.Арстанбаева тарабынан мыйзамсыз чыгарылган № 01-05/208, № 01-05/209, № 01-05/212 жана № 01-05/213 токтомдору жокко чыгарылсын.
2. Токтомду аткаруу жагы “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Артыков |