Редакцияот 14.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXXI сессиясы

 

2016-жылдын 14-апрели № 01-05/215

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин мөөрүнүн, штамптын, документтер сакталган сейфтин ачкычынын сакталышын шаардык Кеңештин аппарат жетекчисине милдеттендирүү жөнүндө

 Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы, шаардык Кеңештин депутаты Ж.Токтосуновдун сунушун угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин депутаты Токтосунов Жолборсбек Абдыкапаровичтин сунушу эске алынсын.

2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин мөөрүнүн, штамптын, документтер сакталган сейфтин ачкычынын сакталышы шаардык Кеңештин аппарат жетекчиси Мейманкуловага Санавар Мейманкуловнага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Кочкор-Ата шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Артыков