Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXXI сессиясы
2016-жылдын 14-апрели № 01-05/217
Кочкор-Ата шаар мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы
Ж.Мамбеткулованын 2015-жылда аткарган иштери боюнча маалыматы жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы, Кочкор-Ата шаардык мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткулованын шаардык бюджеттин аткарылышы жөнүндө 2015-жылда аткарган иштери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап , Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» мыйзамынын 52-беренесине , Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине жана 44-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткулованын шаардык бюджеттин аткарылышы жөнүндө 2015-жылда аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча берген маалыматы жактырылсын .
2. Жергиликтүү бюджеттин 2015-жылга аткарылышы боюнча шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын белгилеген сын- пикирлери эске алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Артыков |