Загрузка документа…
| Райондук жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын жыйынынын 2013–жылдын 25–январындагы №1 токтому |
Тоң районунун Жергиликтүү кеңештеринин кошмо жыйналышынын РЕГЛАМЕНТИ
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы бул - Тоң районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын чогулушу.
Тоң районунун жергиликтүү кеңештери Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарын өткөрүүгө жана токтом түрүндө биргелешкен чечим кабыл алууга укуктуу.Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген учурда жергиликтүү кеңештеринин кошмо жыйналышынын чечимдерин жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Тоң районунун Жергиликтүү кеңештеринин кошмо жыйналышынын токтомуна жана протоколдоруна жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасы, жергиликтүү кеңештердин бардык төрагалары кол коет жана бардык жергиликтүү кеңештердин мөөрлөрү менен күбөлөндүрөт.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын компетенциясындагы маселелер боюнча жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышын чакырууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жергиликтүү кеңештерге кошмо жыйналышты чакыруу жөнүндө кат жөнөтөт.
Тоң районунун Жергиликтүү Кеңештеринин кошмо жыйналышынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1). Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлик боюнча мыйзамда белгиленген тартипте сунуш киргизүү;
2) жылына бир жолудан кем эмес тиешелүү аймактагы иштердин абалы жөнүндө райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин отчетун угуу;
3) өз милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимге жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиси менен ишеним көрсөтпөөнү билдирүү (жашыруун же ачык добуш берүү менен);
4) «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген санда аймактык шайлоо комиссиясынын курамына киргизүү үчүн талапкерлерди Борбордук шайлоо комиссиясына көрсөтүү, ошондой эле аймактык шайлоо комиссиясынын резервинин курамына талапкерлерди көрсөтүү.
5) депутаттардын сунушу менен райондун аймагындагы мекеме-ишканалардан тиешелүү маселе боюнча маалымат алуу
6) депутаттардын сунушу боюнча айрым маселелер боюнча комиссия түзүү, жыйынтыгын, кошмо жыйналыштын жыйынында кароо, тиешелүү чараларды көрүү;
Тоң районунун Жергиликтүү Кеңештеринин кошмо жыйналышынын президиуму үч адамдан турган курамда жергиликтүү кеңештердин төрагаларынын ичинен шайланат (жыйналышка катышкан депуттардын сунушу боюнча жашыруун же ачык добуш берүү менен, чүчү кулак методу менен, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен).
Тоң районунун Жергиликтүү Кеңештеринин кошмо жыйналышы жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депуттарынын ичинен катчылыкты жана эсептөө комиссиясын ар бири үч жана беш адамдан турган курамда шайлайт (келип түшкөн сунуштар боюнча, президиумдун чечими боюнча).
Тоң районунун Жергиликтүү Кеңештеринин кошмо жыйналышынын президиуму, катчылык жана эсептөө комиссиясы 1 жылга шайланат. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын президиумун, катчылыкты жана эсептөө комиссиясынын кийинки курамы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамында белгиленген тартипте шайланат.
Тоң районунун Жергиликтүү Кеңештеринин кошмо жыйналышынын президиумунун курамынан жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасы шайланат (жыйналышка катышкан депуттардын сунушу боюнча жашыруун же ачык добуш берүү менен, чүчү кулак методу менен, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен).
Тоң районунун Жергиликтүү Кеңештеринин кошмо жыйналышынын төрагасы 1 жылга шайланат. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын кийинки төрагасы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамында белгиленген тартипте шайланат.
Тоң районунун Жергиликтүү Кеңештеринин кошмо жыйналышынын төрагасы:
- Тоң районунун Жергиликтүү Кеңештеринин кошмо жыйналышын чакырат, төрагалык кылат;
- Тоң районунун Жергиликтүү Кеңештеринин кошмо жыйналышынын токтомдорунун, протоколдорунун жана башка документтеринин аткарылшын көзөмөлдөйт;
- жарандардын арыздарын, даттанууларын жана кайрылууларын карайт;
- Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын регламентин сактоону көзөмөлдөйт;
- аймактык шайлоо комиссиясынын курамына, ошондой эле аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын «Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча комиссиялары жөнүндөгү» мыйзамында белгиленген Санда талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө сунуш киргизет;
Тоң районунун Жергиликтүү Кеңештеринин кошмо жыйналышынын төрагасы өзүнүн ишин коомдук башталышта жүргүзөт.
Тоң районунун Жергиликтүү Кеңештеринин кошмо жыйналышынын ишинин уюштуруучулук-укуктук негизги формасы болуп жыйналыш эсептелинет.
Тоң районунун Жергиликтүү Кеңештеринин кошмо жыйналышынын биринчи жыйынын райондун Жергиликтүү кеңештердин төрагаларынын ичинен жашы боюнча улуусу ачат (тийиштүү кеңештерге шайлоо күндөн тартып 1 айлык мөөнөттөн кеч эмес).
Тоң районунун Жергиликтүү Кеңештеринин кошмо жыйналышынын биринчи жыйынынын күн тартибинде жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын президиумун, катчылыкты, эсептөө комиссиясын жана төрагасын шайлоо, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын уюштуруунун башка маанилүү маселелери кирет.
Тоң районунун Жергиликтүү Кеңештеринин кошмо жыйналышынын жыйыны жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депуттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес катышканда укук ченемдүү болот. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат.
Жыйналыштын күн тартиби жана иш тартиби жергиликтүү кеңештердин кошмо Жыйналыштын күн тартибинде кезектеги маселелер жана аларды кароо тартиби камтылышы керек.
Жыйналыштын күн тартибине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу депутаттардын киргизген сунуштары депутаттар тарабынан талкууланат жана бекитилет. Кошмо жыйналыштын төрагасы, катчылыгы даярдаган жана райондук мамлекеттик администрациясынын аппараты менен макулдашылган жыйналыштын күн тартибинин долбоору депутаттаргы таркатылат.
Тоң районунун Жергиликтүү Кеңештеринин кошмо жыйналышынын иш планы бир жылга түзүлөт жана жыйналышта депутаттар тарабынан бекитилет. Иш пландын долбоорун райондук мамлекеттик администрациясынын аппараты менен бирге кошмо жыйналыштын катчылыгы даярдайт.
Тоң районунун Жергиликтүү Кеңештеринин кошмо жыйналышынын депутаттары, президиуму, төрагасы жана райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын иш планына маселе киргизүү укугуна ээ.
Жыйналыштын бекитилген иш планынын маселелеринин мазмунун өзгөртүү, жаңы маселерди киргизүү же маселелерди алып салуу депутаттар тарабынан чечилет жана. жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын токтому менен жол жоболоштурулат.
Тоң районунун Жергиликтүү Кеңештеринин кошмо жыйналышынында кароого берилген документтердин топтомунда ушул Регламентте белгиленген тартипте төмөнкүлөр камтылышы керек: менен маселени даярдоого жооптуу жактын колу коюлушу
- баяндамачынын көрсөтүү менен маселени даярдоого жооптуу жактын колу коюлган коштомо кат. Эгер документ жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынында мурда кабыл алынган токтомду аткаруу үчүн даярдалса, анда коштомо катта тийиштүү шилтеме көрсөтүлөт.
- жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын токтомунун долбоору:
- эгер жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын токтомунун долбоору материалдык жана финансы ресурстарды алып келүүнү же сарптоону караштырган сунушту камтыган учурда, иштеп чыгуучулар тийиштүү эсебин дагы көрсөтөт (экономикалык негиздеме)
Токтом долбоорун кароодо кошмо жыйналыштын депутаттарынын, райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрүнүн, талкууга катышууга чакырылган башка жактардын сунуштары жан эскертүүлөрү угулат.
Токтом долбоорун талкуулоонун жыйынтыгы боюнча жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы төмөнкү чечимдердин бирөөсүн кабыл алат:
- токтомду толук кабыл алуу:
- кайра иштеп чыгууга жиберүү;
- күн тартибинен алып салуу;
Токтомдо аны ишке ашыруунун тартиби белгиленет, тактап айтканда:
- мөөнөттөр айкындалат жана токтомдун пункттарын жана аны толук ишке киргизүү жана аткаруу ыкмалары аныкталат;
- мыйзамдуу актыларды иштеп чыгуу боюнча органдарга жана кызматтык жактарга айкын тапшырмалар берилет, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын жарымынын көпчүлүгү добуш берсе кароого жатат жана кабыл алынды деп эсептелет.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы токтом түрүндө чечим кабыл алат.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын токтомуна Жергиликтүү кеңештердин бардык төрагалары кол коет жана бардык жергиликтүү кеңештердин мөөрлөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын токтому жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын талкуусунан кийин депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы уюштуруу иштерин координациялоо үчүн жумушчу органдарды-катчылыкты, эсептөө комиссиясын, зарыл учурларда башка комиссияларды түзөт.
Жумушчу органдар депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
Жыйналыштын катчылыгы жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын жүрүшүнүн программасын жүргүзөт, регламенттин сакталышын көзөмөлдөйт, депутаттарга түшүндүрмө берет.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын протоколунда төмөнкүлөр чагылдырылат:
- жыйналышты өткөрүү күнү, убактысы жана орду;
- жыйналышка катышкан депутаттардын саны; жыйналыштын күн тартибиндеги маселелер;
- төраганын жана сөз сүйлөгөндөрдүн аты-жөнү;
- добуш берүүгө коюлган бардык маселелер жана сунуштар;
- добуш берүүнүн жана чечим кабыл алуунун жыйынтыгы.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын протоколуна Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасы, бардык жергиликтүү кеңештердин төрагалары кол коет жана бардык жергиликтүү кеңештердин мөөрлөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын бардык токтомдорунда аны көзөмөлдөгөн жак көрсөтүлөт.
Көзөмөлдөөнүн максаты документти ишке ашыруунун натыйжалуугунун деңгээлин, аларды аткарууну кыйындаткан себептерди, аткарууга жолтоо болгон белгилүү жактарды аныктоо, аларды жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле документтин жоболорун сот тартибинде аткарууну камсыздоо зарылдыгы болуп саналат.
Токтомдун тапшырма пункутунда аткаруучу (бирөө же бир нече) жана аткаруу мөөнөтү көрсөтүлөт.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын катчылыгы райондук мамлекеттик администрациянын аппараты менен бирге жергиликтүү кеңештердин (айыл аймактарынын) депутаттарына жана жершиликтүү жамааттарга, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына жыйналышты өткөрүү күнү, күн тартиби жана өткөрүү орду жөнүндө маалыматты жыйналышты өткөрүүгө 5 күн мурда билдирет.
Токтом долбоору Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарына жыйналышка чейин 3 күн калганда жеткирилет.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын жыйынын төрага өткөрөт. Анын жокутугунда президиумдун 1 мүчөсү төрагалык кылат.
Кезексиз жыйналышты чакыруу президиумдун, Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасы же кошмо жыйналыштын депутаттарынын жалпы санынын 1/3 бөлүгүнүн демилгеси менен жүргүзүлөт.
Кезексиз жыйналышты чакыруу жөнүндө депутаттардын сунушу каралуучу маселелерди көрсөтүү жана кезексиз жыйналышты өткөрүү зарылчылыгын негиздөө менен төрагага берилет.
Жыйналышка материалдарды жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын планына ылайык жооптуу жактар даярдайт. Пландан тышкары маселелер демилгечилер тарабынан даярдалат.
Киргизилүүчү маселелер боюнча материалдар демилгечилер тарабынан жазуу түрүндө кошмо жыйналыштын катчылыгына жыйналышты өткөрүүдөн 7 күн мурда берилет.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы жылына 1 жолудан кем эмес райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин райондогу иштердин абалы жөнүндөгү отчетун угат.
Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин отчетунун тексти кошмо жыйналышта кароодон 10 күн мурда райондун жергиликтүү кеңештерине көрсөтүлөт.
Өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимге ишеним көрсөтпөө чечими Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиси менен кабыл алынат.
Депутаттарыдн көрсөтүлгөн укутарын ишке ашыруу тартиби жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамдары жана башка мыйзам актылары, ошондой эле ушул Регламент менен аныкталат.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасы кызматына талапкерлер президиумдун курамынан депутаттар аркылуу көрсөтүлөт. Президиумдун мүчөсү дагы өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасынын кызматына өзүнүн талапкерлигин көрсөтө алат.
Көрсөтүлгөн талапкерлер жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилет.
Жыйналышка катышкан депутаттардын сунушу боюнча жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасын ачык добуш берүү менен шайлоо мүмкүн.
Көрсөтүлгөн талапкер өзүнүн талапкерлигин алып салууга укуктуу.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелинет.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасы 1 жылга шайланат.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын кийинки төрагасы мыйзамда белгиленген тартипте шайланат.
Эгер төрага өз милдеттерин аткарбаса же талаптагыдай эмес аткарса, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын үчтөн бир депутаттарынын демилгеси менен шайланган депутаттардын жалпы санынын копчүлүк добушу менен ээеген кызматынан бошотулушу мүмкүн.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын жыйындарындагы жашыруун добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү эсептөө комиссиясына жүктөлөт.
Эсептөө комиссиясы өзүнүн жыйналышында милдеттерди бөлүштүрөт (төраганы, катчыны шайлайт), жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендерди, ящиктерди жана кабиналарды даярдайт.
Добуш берүүнү камсыздоо үчүн эсептөө комиссиясы жыйналышта катышкан депутаттардын тизмесин тактайт, жашыруун добуш берүүнүн протоколдорунун сакталышын камсыздайт жана Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын катчылыгына берет.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасы кызматына талапкерлер бюллетенге алфавиттик тартипте киргизилет. Добуш берүүнүн жыйынтыгы добуш берүү үчун бюллетендерди эсептөөнүн жыйынытыгы боюнча жүргүзүлөт.
Бюллетенге талапкердин аты-жөнү паспорттук маалыматтарынын же башка инсандык күбөлүгүнүн негизинде жазылат.
Бюллетенге башка маалыматты киргизүүгө жол берилбейт.
Бюллетендин формасы эсептөө комиссиясы тарабынан иштелип чыгат жана жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттары тарабынан бекитилет.
Ар бир талапкер боюнча «Макул», «Каршы», «Баардыгына каршы» бюллетендерде эсептөө комиссиясы жыйынтыктарды чыгарат жана бекитүү үчүн жыйналыштын кароосуна коет.
13-глава. Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин кызматына дайындоо үчүн сунушталган талапкер жөнүндө чечим кабыл алуу тартиби
Аким жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри сунуштаган талапкердин ичинен (үчтөн кем эмес) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат. Ошону менен бирге акимдин бош кызмат оруну пайда болгон 30 жумуш күнүнөн кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри талапкерлерди (үчтөн кем эмес) жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышына коет.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тийиштүү сунушу киргизген күндөн тартып 15 жумуш күнүнүн ичинде талапкерлердин бирин тандайт, жашыруун добуш берүү менен чечим чыгарат жана аким кызматына дайындоо үчүн талапкерлер боюнча Премьер-министрге сунуш киргизет.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын аким кызматына сунуштоо жана дайындоо үчүн талапкерлерди тандоо боюнча жыйналышында жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиси катышса, ал өткөрүлдү деп эсептелинет.
Аким кызматына дайындоого сунуштоо үчүн талапкерлерди тандоо жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жургүзүлөт. Талапкерлерди тандоо тартиби Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын ушул Регламенти менен аныкталат.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер тандалды деп эсептелинет.
Төмөнкү учурларда эгер:
- биринчи турда талапкерлердин бири дагы керектүү сандагы депутаттардын добушуна ээ болбосо, анда эң көп добуш алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Экинчи турда жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер тандалды деп эсептелинет.
- биринчи турда талапкерлер депутаттардын бирдей сандагы добушуна ээ болсо, анда шайлоо кайра өткөрүлөт. Экинчи турда жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер тандалды деп эсептелинет.
- биринчи турда бир да талапкер депутаттардын керектүү сандагы добушуна ээ боло албаса, бирок талапкердин бирөө көбүрөөк добушка ээ болуп, калгандары бирдей добушка ээ болгон болсо, көбүрөөк добушка ээ болгон талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Экинчи турда жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган тандалды деп эсептелинет.
Эгер добуш берүүнүн экинчи турунда талапкер депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ боло албаса, анда шайлоо ишке ашкан жок деп эсептелинет да Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жаңы талапкерлерди көрсөтөт.
Эгер талапкерлерге караганда «Бардык талапкерлерге каршы» позициясы үчүн депутаттардын көпчүлүк добушу берилсе, шайлоо кайра өткөрүлөт.
Эгер жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын мөөнөтү аяктаганга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине аким кызматына дайындоо үчүн талапкерлер көрсөтүлбөгөн учурда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри 20 жумуш күнүнүн ичинде жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышына жаңы талапкерлерди (үчтөн кем эмес) көрсөтөт.
Эгер жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын мөөнөтү аяктаганга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине аким кызматына дайындоо үчүн талапкерлерди кайра көрсөтпөсө, Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча райондун жергиликтүү кеңештерин таркатат жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.
Эгер мөөнөтү аяктаганга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышына талапкерлерди (үчтөн кем эмес) көрсөтпөсө, анда жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы 15 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген Мыйзамдын талаптарына, ошондой эле квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерди өз алдынча тандайт жана аким кызматына дайындоо үчүн талапкерди Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуштайт.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы акимдин бош кызмат ордуна көрсөткөн талапкери сөзсүз түрдө 10 жумуш күнүнүн ичинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалышы керек.
Аким кызматына талапкерлер жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышына Премьер-министрдин ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан көрсөтүлөт.
Ар бир талапкер боюнча жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышына төмөнкү маалыматтар сунушталат:
- сүрөтү бар кадраларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасы жана биографиялык маалыматтар (аты-жөнү, туулган күнү, жери, улуту, билими (атайын, жогорку), эмгек ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтар, үй-бүлөлүк абалы, туруктуу жашаган жери, партиялык таандыгы);
- паспортунун көчүрмөсү;
- нотариалдык күбөлөндүрүлгөн билим тууралуу документтери, илимий даражасынын жана илимий наамынын болушу;
- нотариалдык күбөлондүрүлгөн эмгек китепчесинин, мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктары жөнүндө документтеринин көчүрмөсү;
- кылмыш жасагандыгы үчүн соттолбогондугу тууралуу тиешелүү органдын расмий документи;
Ар бир талапкер боюнча талапкерди көрсөтүүгө негиз болгон анкеталык маалыматтарды кыскача баяндоо, кесипкөй жана ишкердик сапатын мүнөздөө менен Премьер-министрдин колу коюлган расмий кат жол жоболоштурулат.
Премьер-министри көрсөткөн, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким кызматына талапкерлер боюнча добуш берүү процессин уюштурууну камсыздоо жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын эсептөө комиссиясына жүктөлөт.
Эсептөө комиссиясы добуш берүү үчүн бюллетендердин формасын жана текстин белгилейт, алардын сакталышын камсыздайт, өзүнүн жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзүүнү уюштурат.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын ишин материлдык-техникалык камсыздоо райондук мамлекеттик администрация тарабынан жүргүзүлөт.
Добуш берүү үчүн бюллетенге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри көрсөткөн аким кызматына талапкерлер гана киргизилет.
Аким кызматына таларкерлер боюнча кароо жана добуш берүү жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы аныктаган атайын өзүнчө жайда жүргүзүлөт.
Депутаттардын келүүсүнө, добуш берүүнү уюштурууга, жайды жабдыктоого жана анда тийиштүү тартипти сактоого жоопкерчилик жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасына жүктөлөт.
Добуш берүү тартибин камсыздоого жоопкерчилик эсептөө комиссиясына жүктөлөт.
Эсептөө комиссиясы:
- жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарын добуш берүүнүн алдында каттоо жүргүзөт
-тжергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын катталган депутаттарына добуш берүү үчүн бюллетендерди берет;
- жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарын добуш берүү бюллетендери менен жашыруун добуш берүү үчүн кабиналарга кирүүсүн жана добуш берүүнүн жашыруундугун камсыздоого көзөмөл жүргүзөт.
Добуш берүүнүн алдында бюллетендер үчүн урна жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттары жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусунда эсептөө комиссиясы тарабынан текшерилет, пломба коюлат жана печатталат.
Ар бир депутат жеке добуш берет. Эки жак үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.
Бюллетендер добуш берүүчү тарабынан жашыруун добуш берүүчү кабинада же бөлмөдө толтурулат. Добуш берүүчүлөр бюллетенди толтурууда жанында башка жактын
Депутат жашыруун добуш берүүчү бюллетенде добуш берип жаткан талапкердин аты-жөнүнүн тушуна гана «Макул» белгисин коет же «Талапкерлердин бардыгына каршы» позициясына коет.
Белгисиз формадагы, ошондой эле «Макул» белгиси бир же бир нече талапкерлерге коюлган бюллетендер жараксыз деп эсептелинет.
Райондун акими кызматына талапкер эгер жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берсе, жактылыды деп эсептелинет.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрү кол койгон эсептөө комиссиясынын протоколу үч нускада түзүлөт.
Протоколдун биринчи нускасы жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын чечими менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жөнөтүлөт, экинчи нускасы жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын катчылыгында сакталат, үчүнчү нускасы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иштери боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.
Эсептөө комиссиясынын протоколунун негизинде жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын токтому менен бекитилет.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын талапкерди жактыруу тууралуу токтому райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимди дайындоо жөнүндө сунуш менен Премьер-министрге жөнөтүлөт.
Эгер добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча бир дагы талапкер жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Добуш берүүнүн экинчи туру добуш берүүнүн биринчи туру өткөн күнү эле өтөт.
Добуш берүүнүн экинчи турунда бюллетенге биринчи турда эң көп добуш алган зки талапкер киргизилет. Добуш берүүнүн экинчи турунда жыйынтыктарды чыгаруу ушул Регламентке ылайык жүргүзүлөт.
Эгер добуш берүүнүн экинчи турунун жыйынтыгы боюнча бир дагы талапкер жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, райондун акиминин кызматына Премьер-министр көрсөткөн талапкерлер четтетилди деп эсептелинет, бул жөнүндө жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасы 24 сааттын ичинде жазуу түрүндө Премьер-министрге билдирет.
Буга байланыштуу Премьер-министр мыйзамда белгиленген тартипте башка талапкерлерди көрсөтөт.
Тоң районунун жергиликтүү Кеңештеринин кошмо жыйналышынын төрагасы |
Т. Мырзамамбетов |