Редакцияот 14.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXXI сессиясы

 

2016-жылдын 14-апрели № 01-05/219

Мугалимдердин коммуналдык чыгымдарын төлөп берүү жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы, Кочкор-Ата шаар аймагындагы мектептердин мугалимдеринин коммуналдык чыгымдарын төлөп берүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап , Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» мыйзамынын 49-беренесине , Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаар аймагындагы №14 Губкин атындагы орто мектеби, №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектеби, №28 Ч.Айтматов атындагы орто мектеби жана Н.Исанов атындагы жатак-гимназия мектебинин мугалимдеринин коммуналдык чыгымдарын төлөп берүү жөнүндөгү кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Мугалимдердин коммуналдык чыгымы үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 2015- 2016- жылдар үчүн төлөнүп берилсин.

3. Коммуналдык чыгым үчүн керектелүүчү 1 060 000 ( бир миллион алтымыш миң ) сом акча каражатын төлөп берүү жагы Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана шаар мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кочкор-Ата шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Артыков