Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXXI сессиясы
2016-жылдын 14-апрели № 01-05/221
Кочкор-Ата шаар мэриясынын өнөр жай, турак жай, коммуналдык жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адиси М.Жолдошовдун сунушу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы, Кочкор-Ата шаар мэриясынын өнөр жай, турак жай ,коммуналдык жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адиси М.Жолдошовдун шаар аймагындагы көчөлөрдөгү түнкү жарыктандыруу жана борбордук сейил багынын жарыктандырууларына тиешелүү болгон кызмат менен тейлөө жагы “Тазалык” муниципалдык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо комбинатына милдеттендирүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, “ Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаар мэриясынын өнөр жай, турак жай ,коммуналдык жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адиси М.Жолдошовдун сунушу эске алынсын.
2. Шаар аймагындагы көчөлөрдөгү түнкү жарыктандыруу жана борбордук сейил багынын жарыктандырууларына тиешелүү болгон кызмат менен тейлөө жагы “Тазалык” муниципалдык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо комбинатына өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Артыков |