Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXXI сессиясы
2016-жылдын 14-апрели № 01-05/222
Кочкор-Ата шаар мэриясына кызматтык жана жүк ташуучу автоунаа сатып алуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин шаар мэриясына кызматтык жана жүк ташуучу автоунаа сатып алуу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, “ Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин сунушу эске алынсын.
2. Шаар мэриясына кызматтык жеңил автоунаасы жана жүк ташуучу «PORTER» автоунаасы 2016-жылдын бюджетинин эсебинен сатылып алынсын.
3. Автоунааларды сатып алуу үчүн керектелүүчү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Артыков |