Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVI сессиясы
2016-жылдын 22-марта № 26/1.3
Чет-Нура айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерин ижарага берүү үчүн түзүлгөн комиссиянын чечимдерин жана ижарага коюлган баштапкы бааларын бекитүү жөнүндө
Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерин ижарага берүү боюнча түзүлгөн комиссиянын чечимдерин карап чыгып жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аукцион өткөрүү боюнча комиссия иштеп чыккан баштапкы жана арымдын (шаг) баалары бекитилсин.
2. Аукциондун негизинде берилген жер аянттары 5-7 жылга ижарага берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго жана ижарага берүү боюнча түзүлгөн комиссияга тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Жакыпов |