Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVI сессиясы
2016-жылдын 22-марты № 26/1.4
Ийри-Суу айылындагы турак жай куруу үчүн бөлүнгөн жер тилкесинин аянтын бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айылынын турак жайга муктаж жарандары кайрылып там салу үчүн берилүүчү жер тилкенин аянтын 0,10 гектардан 0,20 гектарга көтөрүп берүүнү суранган. Себеби, айыл жери болгондуктан чарбалык иштерин кылууда 0,10 гектар аз экенин билдиришкен жогорудагыларды угуп жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ийри-Суу айылында там салуу үчүн бериле турган жер тилкесинин аянты мурункусундай калтырылып 0,10 гектарды түзсүн.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Жакыпов |