Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVI сессиясы
2016-жылдын 22-марты № 26/1.5
Айыл өкмөтүнүн кайрак жер аянтын кароо жөнүндө
2009-жылы Чет-Нура айылдык Кеңештин сессиясынын чечими элдин макулдашуусу менен жайытка айланып кеткен кайрак жер аянты өз калыбына кайрак жер аянтына келип, чарба китептерге түшүп, кайрак жер аянтынын эсебине кирген. Бирок ошол жылдан бери эл пайдаланганы менен мыйзамга ылайык трансформациялоо болбогондугуна байланыштуу депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл өкмөтүндөгү жайыттан кайрак жер аянтына 2009-жылдагы сессиянын чечими менен которулган 1247,71 Га жайыт аянты өз багытында калтырылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн Айыл программасына жана чарба китебинде катталган 1241,71 га жер аянты программадан, чарба китептен чыгарылып, жайыт аянтына которулсун.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Жакыпов |